2026-02-25

Алматы шаарында туруктуулук жана ESG багытындагы таанышуу иш сапары


Казакстандын Алматы шаарында 2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыз Директорлор Палатасы демилгеси менен Борбордук Азия Экологиялык Изилдөөлөр Институту (CAIER)на таанышуу иш сапары уюштурулду. Алматыда өткөн программага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн окутуучусу, доц., доктор Канышай Муктарова катышты.

Жолугушуу туруктуу өнүгүү максаттары менен ESG (Экологиялык, Социалдык жана Башкаруу) принциптерин илимий изилдөө жана билим берүү ишмердүүлүгү менен интеграциялоого багытталган аянтча форматында өттү. Программа алкагында институттун өкүлдөрү имараттагы энергияны үнөмдөөчү чечимдер жана инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу боюнча техникалык ыкмалар тууралуу маалымат беришти.

Техникалык таанышуу учурунда лабораториялардын иш багыттары көрсөтүлүп, өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү аркылуу иштелип чыккан инновациялык курулуш материалдары жеринде тааныштырылды. Бул материалдар курулуш тармагында туруктуулукту колдоп, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтып, калдыгы жок (айланма) экономика түшүнүгүн өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди.

Ошондой эле жолугушууда заманбап корпоративдик башкаруу практикаларында стратегия түзүү, тобокелдиктерди башкаруу, ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана кызыкдар тараптар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү процесстери ESG принциптеринин негизинде түзүлөрү баса белгиленди. Иш сапар аймактык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана туруктуулукка багытталган академиялык–институционалдык иштерди чыңдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды.