2026-02-26

КТМУнун Коммуникация факультетинде репрессияланган аялдар тууралуу семинар уюштурулду


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинде “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин Илимий бөлүмүнүн башчысы, доцент, т.и.к. Салтанат Асекова  “Кыргызстанда 1920–1953-жылдарда репрессияланган аялдардын тагдыры” аттуу семинар өткөрдү.

Семинар репрессияланган инсандар тууралуу даректүү фильм көрсөтүү менен башталып, респрессия курмандыктарын эскерүү мүнөтү менен коштолду. 

Андан соң Салтанат Асекова  1920–1953-жылдар аралыгындагы саясий репрессиялар боюнча статистикалык маалыматтар тууралуу айтып, ошол оор мезгилде атууга кеткен же сүргүн турмушунун азабын тарткан кыргызстандык аялдардын өмүр жолун архивдик документтер жана күбөлөрдүн эскерүүлөрү аркылуу талдап, жеке тагдырлардын негизинде коомдук эс тутумдун кандайча калыптанганын катышуучулар менен бөлүштү.

Мындан тышкары доцент Салтанат Асекова учурда репрессияланган ар бир аялдын тагдырын өз-өзүнчө изилдөөнү улантып жатканын белгилеп, изилдөөлөрүнүн негизги максаты — тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө салым кошуу жана узак жылдар бою унутта калган ысымдарды коомдук эс тутумга кайра кайтаруу экенин айтты.

Иш-чаранын соңунда Салтанат Асекова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин китепканасына “Кыргызстандан репрессияланган аялдар (1920–1953)” аттуу китебин белекке тапшырды.