2026-03-19

XIII Эл аралык «Үмүт» кинофорумундагы коммуникация бүтүрүүчүлөрүнүн жеңиштери


2026-жылдын 4–7-март күндөрү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII Эл аралык «Үмүт» кинофоруму уюштурулуп, анын алкагында эл аралык жана улуттук конкурстун кино көрсөтүүлөрү болуп өттү. Аталган форумда 38 фильм көрсөтүлүп, жюри мүчөлөрү Франция, Азербайжан жана Казакстандын киночуларынан түзүлгөн улуттук жарышта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү байгелерди алышты.

Коммуникация факультетинин радио, телеберүү жана киноискусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Төлөмүш Жаныбеков «Балык» тасмасы менен «Эң мыкты тасма» деп табылса, ушул эле бөлүмдүн 2025-жылкы бүтүрүүчүсү Айпери Рыспекова «Гульбара» деп аталган даректүү тасмасы менен «Калыстар тобунун атайын сыйлыгына» ээ болду.