2026-03-29

КТМУнун коммуникация факультетинин студенттери “Жоогазын” фестивалында чоң ийгиликтерге жетишти


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинин студенттери Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген студенттер менен калыстар тобу катышкан “Жоогазын” улуттук реклама жана PR фестивалында бир катар байгелүү орундарды ээлеп, чоң ийгиликке жетишти.

КТМУнун коммуникация факультети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институту менен биргеликте 26–27-март күндөрү уюштурган фестивалда КТМУнун студенттери илимий баяндамалар, кейс чечүү жана PR талкуулары сыяктуу ар түрдүү багыттарда жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Бул көрсөткүчтөр факультетибиздин теориялык жана практикалык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорку деңгээлде экенин дагы бир жолу далилдеди.

Илимий конференцияда бир катар байгелүү орундар

26-мартта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде өткөн “Туруктуу өнүгүү коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик” аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияда да КТМУ студенттери ар түрдүү номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту.

“Туруктуу өнүгүүдө стратегиялык PR жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик” багытында радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Төлөгөн Сабырбеков 1-орунду ээледи. Ал эми журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Тороева Асылай жана Мелис кызы Малика 3-орунду багындырды.

“Туруктуу өнүгүүдө медиа жана журналистика: экология, коом жана жоопкерчилик” багытында журналистика бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери Усенбеков Эльмар жана Конокбаева Аделина 1-орунду ээлешти. Ушул эле категорияда Базарбай кызы Мээримкан 2-орунду, ал эми Сыдыкова Хафиза жана Аяна Сарыева 3-орунду алышты.

“Жашыл экономика алкагында жарнама жана брендинг” багытында коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Аида Абдысатарова 1-орунду ээлесе, журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Гүлкайыр Керимбаева 2-орунду алды.

“Туруктуу өнүгүү коммуникациясы: Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиасында Улуу Алтайдын образы” багытында Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Бегимай Кадырбекова 1-орунду жеңип алды.

Кейс чечүү сынагында 2-орун

Фестивалдын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болгон кейс чечүү сынагында КТМУнун Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн “Hillers” командасы Депозиттерди коргоо агенттиги сунуштаган реалдуу кейс боюнча иштелип чыккан мыкты чечимдери менен 2-орунду ээледи. Ислам Эгембердиев, Мадина Кылычбекова, Айымкыз Хабибуллаева, Айпери Токтогулова жана Алия Абылкасымовадан турган команда практикалык көз карашы жана стратегиялык мамилеси менен калыстар тарабынан жогору бааланды.

PR талкууларында да ийгилик

Фестивалдын алкагында өткөн PR талкууларында да КТМУ студенттери өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүштү. Алия Абылкасымова жана Айпери Токтогулова жогорку деңгээлдеги даярдыгы менен 3-орунду ээледи. Мындан тышкары, Айпери Токогулова “Эң мыкты спикер” наамына татыктуу болду.

«Бул ийгилик — билим менен практиканын жыйынтыгы»

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы,  проф., докт. Бесим Йылдырым белгилегендей, Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар менен калыстар тобу катышкан мындай масштабдуу иш-чарада КТМУнун студенттеринин көптөгөн байгелүү орундарды алышы - факультетте жүргүзүлүп жаткан сапаттуу билим берүүнүн, практикага багытталган академиялык ыкманын жана студенттердин кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин айгинелеген маанилүү көрсөткүч болуп саналат.