Бүтүрүүчүбүздүн “Тоо балдары” даректүү тасмасы эл аралык фестивалдардан бир катар сыйлык менен кайтты
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 2025-жылкы бүтүрүүчүсү Гулиза Абдыкамилованын режиссёрлугунда тартылган “Тоо балдары” аттуу даректүү тасма эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктары менен көңүлдү бурду. Факультетибиздин кабарчылары Алтынай Досубекова жана Асылай Тороева жаш режиссёр Гулиза Абдыкамилова менен маек куруп, “Тоо балдары” тасмасынын жаралуу тарыхы, эл аралык ийгилиги жана КТМУдагы билиминин бул жолдогу салымы тууралуу баарлашышты.
“Тоо балдарынын” фестивалдык сапары сыйлыктар менен коштолууда
Гулиза Абдыкамилованын “Тоо балдары” тасмасы эл аралык фестивалдарда алган сыйлыктары менен кеңири таанылып келе жатат. Буга чейин окуу алкагында бир нече кыска метраждуу тасмаларды тарткан жаш режиссёрдун бул алгачкы профессионалдык даректүү тасмасы Түркия, Россия, Беларусь жана Кыргызстанда өткөн абройлуу фестивалдарда бир катар сыйлыктарга ээ болду. Тасма Түркияда “Келечектин коммуникациячылары” сынагында TRTнын атайын сыйлыгын, ал эми Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалында II орунду багындырды. Мындан тышкары, Москвадагы “Вертикаль” фестивалында “Эң мыкты режиссура”, Беларустагы “Eurasia.Doc” фестивалында “Чынчылдыгы үчүн диплом” менен сыйланды.
“КТМУнун мүмкүнчүлүктөрү ийгиликтеримде чоң роль ойноду”
Гулиза Абдыкамилова “Манас” университетинде берилген сапаттуу билим, эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү жана практикага негизделген окуу чөйрөсү анын аталган ийгиликтерине себеп болгонун айтат. Университеттин чыгармачылыкка шарт түзгөн мүмкүнчүлүктөрү ага кино аркылуу өз оюн эркин билдирүүгө ишеним бергенин белгилейт. “Манаста” өткөн жылдарын ал “Мен үчүн өнүгүү учуру болду” деп мүнөздөйт.
Муну менен катар “Манастын эң чоң артыкчылыктарынын бири - студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөр,” – деп, 100 пайыз акысыз билим берүү жана стипендиялар чоң жеңилдик жаратканын баса белгилейт. Окуу процесси теория менен гана чектелбестен, студенттер өз долбоорлорун ишке ашыра алганын белгилеп, “Бул жерде биз чындап чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Бул мага эркиндик берип, өз көз карашымды кино тили аркылуу жеткирүүнү үйрөттү,” - дейт.
Ошондой эле “Манас” университети ага кесиптик билимден тышкары философиялык ой жүгүртүү жана кеңири социалдык чөйрө да бергенин жана досторду тапканын кошумчалайт.
““Тоо балдары” – жаш режиссерго өзүнө жакын дүйнөнүн баяны
Гулиза Абдыкамилова тасманын идеясы өзүнүн жашоосуна жана ага жакын дүйнөгө байланыштуу экенин айтат. Анын айтымында, тасманын идеясы атасынын сунушу менен жаралган. Теманы терең изилдөө үчүн ал туулуп-өскөн Ноокат районуна барып, күз айларында сценарийин иштей баштаган, ал эми тартуу иштери кышында, январь айында жүргүзүлгөн.
Бул дипломдук долбоор төрт жыл бою алган теориялык билимди практикада колдонууга чоң мүмкүнчүлүк болгонун белгилеген режиссёр, тасма жаратуу процесси тема тандоодон тартып, сценарий жазуу, команда түзүү, техникалык даярдык, каармандар менен иштөө жана монтаж сыяктуу көп баскычтарды камтыганын айтат. Бул тажрыйба ага чыдамкайлыкты, байкоочулук жөндөмдү жана адамдар менен туура мамиле-катыш түзүүнү үйрөткөнүн баса белгилейт.
“Тоо балдары” - билим үчүн күрөшкөн балдардын тагдыры
Гулиза Абдыкамилова тасмасында оор шарттарга карабастан, билим алуудан баш тартпаган балдардын жашоосун сүрөттөйт. Анда тоолуу аймактагы чакан мектепте окуган окуучулардын күнүмдүк жашоосу чагылдырылып, алардын табият жана турмуштук кыйынчылыктар менен катар билим алуу үчүн күрөшүн көрсөтөт.
Даректүү тасма “Билим ар бир бала үчүн бирдей жеткиликтүүбү?” деген суроону көтөрүп, шаардагы заманбап мүмкүнчүлүктөр менен алыскы аймактардагы чектелген шарттардын айырмасын ачып берет. Кээде кар кечип, кээде мектепке эшек минип барган балдардын турмушу, ошондой эле бардык кыйынчылыктарга карабай билим берген мугалимдердин эмгеги да тасмада кеңири чагылдырылган.
Гулизанын айтымында, бул тасманы билимдин жана мугалимдик кесиптин баалуулугуна арналган эмгек катары баалоого болот.
Тасманын аталышы да өзгөчө мааниге ээ. “Тоо балдары” географиялык түшүнүк гана эмес, а тоонун катаал шарттары балдардын мүнөзүн бекемдеп, аларды чыдамкай, кайраттуу жана эрктүү кыларын көрсөтөт. балдардын күчүн жана бийик максаттарга умтулуусун көрсөтүүнү көздөгөн.
Суук, жол жана сыноолор...Бирок багынбаган команда
Январь айында команда Бишкектен Ошко чейинки узак жана оор сапарга чыккан. Кыштын катаал шарттары, ашуулар, суук жана техникалык кыйынчылыктар ишти татаалдаштырган.
Ошого карабастан, режиссёрдун айтымында, дал ушул тоскоолдуктар тасманын мазмунун дагы да тереңдеткен. Кээде эң чыныгы жана таасирдүү кадрлар күтүлбөгөн учурларда жаралган.
Үч күнгө созулган тартуу иштеринде балдар менен иштөө өзгөчө кылдаттыкты талап кылган. Команда кыйынчылыктарга карабай биримдик менен иш алып барган. Бул сапарда анын үй-бүлөсүнүн, айрыкча, атасынын колдоосу чоң роль ойногонун Гулиза өзгөчө белгилейт.
“Университеттин колдоосу жана устаттардын багыты чоң жардам берди”
Гулиза Абдыкамилова тасманын жаралышында университеттин техникалык жана академиялык колдоосу маанилүү болгонун айтат. Камера, үн жаздыруу жана жарык жабдуулары сыяктуу бардык керектүү каражаттар КТМУ тарабынан камсыздалган.
Мындан тышкары, устаттарынын кеңештери жана колдоосу да чоң таасир берген. Тасманын көркөм жетекчиси жана продюсери Стамбулбек Мамбеталиев бул процессте дайыма багыт берип турган. Анын колдоосу азыр да уланууда. Режиссёр жакында Москвада өткөн “Белгисиз Россия” фестивалында финалга чыккан тасманын таанытылышына да анын салымы чоң болгонун белгилейт.
“Өз жолуңузду тайманбай тандаңыз”
Гулиза Абдыкамилова жаштарга өз идеяңды өжөрлүк менен ишке ашыруу канчалык маанилүү экенин баса белгилейт. Ар бир чоң ийгилик майда кадамдардан башталарын айтып, ката кетирүүдөн коркпоо керектигин эскертет.
Китеп окуу, фильм көрүү жана үзгүлтүксүз изденүү адамдын ой жүгүртүүсүн кеңейтерин белгилеп, туура чөйрө мотивацияны күчөтөрүн айтат. Эң башкысы - адам өз ички үнүн угушу керек.
“Жүрөгүңүз кайсы жолго баштаса, ошол жолду тандаңыз. Ар бир адамдын өз жолу, өз убактысы бар. Башкалар менен салыштырбай, өз ыргагыңыз менен өнүксөңүз, чыныгы ийгиликке жетесиз,” - деп жыйынтыктайт жаш режиссёр.






