Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде заманбап кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанылган Жусуп Абдрахмановдун интеллектуалдык мурасы, саясий күрөшү жана тарыхый ролу бааланган семинар болуп өттү. Журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусу, др. Бакытбек Орунбеков баяндамачы катары катышкан иш-чарада Ж. Абдрахмановдун мамлекеттүүлүктү куруу процессиндеги лидерлиги жана келечек муундарга калтырган идеологиялык, моралдык мурасы талкууланды. Семинарда Ж.Абдрахмановдун өмүр жолу жеке ийгиликтин гана тарыхы эмес, кыргыз элинин саясий бар болуу күрөшүнүн ажырагыс бөлүгү экендиги баса белгиленди.
«Абдрахмановдун интеллектуалдык дарамети улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда чечүүчү ролду ойноду»
Др. Бакытбек Орунбеков Ж.Абдрахмановдун дүйнө таанымынын калыптанышында анын балалык чагындагы маданий чөйрөнүн маанилүү орунга ээ болгонун билдирди.
Б.Орунбеков өзгөчө улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айланасындагы интеллектуалдык чөйрөнүн анын тарыхый жана коомдук аң-сезиминин өсүшүнө тийгизген таасирин белгилеп өттү.
Б.Орунбеков Жусуп Абдрахмановдун билим алуу жолундагы жеке аракети жана интеллектуалдык өсүшү ошол кездеги чектелүү мүмкүнчүлүктөргө карабастан өрнөктүү мисал боло алгандыгын айтып, анын ой-тутуму улуттук аң-сезим жана коомдук жоопкерчилик менен сугарылганын кошумчалады.
«Ачарчылык жылдарындагы чечимдер миңдеген адамдар үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ болгон»
Ж.Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүндөгү орчундуу учурлар тарыхый контекстте каралган семинарда, 1930-жылдардагы ачарчылык мезгилинде борбордук башкаруунун саясатына каршы көрсөткөн позициясы кыргыз элинин тагдыры үчүн чечүүчү болгону айтылды.
Др. Б. Орунбеков Москвага жөнөтүлө турган дан эгиндерин токтотуу боюнча демилгени миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган тарыхый кадам катары мүнөздөдү. Ошондой эле Ж.Абдрахмановдун Кыргызстандын автономиялуу республика статусуна ээ болуу процессиндеги саясий чечкиндүүлүгү жана мамлекеттик көрөгөчтүгү заманбап кыргыз мамлекеттик түзүмүнүн калыптанышында маанилүү ролду ойногонун баса белгиледи.
«Абдрахмановдун керээзи бүгүнкү эгемендүүлүк түшүнүгүнө дем берет»
Абдрахмановдун күндөлүктөрүндөгү жана керээз мүнөзүндөгү тексттериндеги ой-толгоолорун талдоого алган Б.Орунбеков, анын көз карандысыздык жана эркиндик идеяларына жасаган басымы бүгүнкү Кыргызстандын саясий эгемендүүлүк концепциясы менен түздөн-түз байланыштуу экенин билдирди.
Мындан сырткары, Б. Орунбеков Жусуп Абдрахмановдун мекенге болгон берилгендиги, коомдук жоопкерчилиги жана мамлекеттик кызматка болгон мамилеси жаш муундар үчүн маанилүү тарыхый жана этикалык багыт болуп саналарын баса белгиледи.
«Жусуп Абдрахмановдун мурасы - заманбап кыргыз мамлекеттик ой-пикиринин негизги таянычы»
Улуттук эс-тутумду сактоо, маданий мурастарды өткөрүп берүү жана мамлекеттик ой-тутумдун тарыхый тамырларын түшүнүү жагынан маанилүү академиялык аянтча болгон бул семинарда, Жусуп Абдрахмановдун мурасы өткөндө калган гана тарыхый инсан катары эмес, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүк идеясынын негизги шилтемелеринин бири катары бааланышы керектиги айтылды.



