2026-05-24

КТМУнун студенттери «Бакай Банктын» адистери менен жолугушту


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенттери теориялык билимин практика менен айкалыштыруу максатында «Бакай Банктын» Башкы кеңсесине барышты. Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн студенттери үчүн уюштурулган бул техникалык экскурсия финансы секторундагы корпоративдик коммуникация, адам ресурстарын башкаруу жана бренд стратегияларын жакындан үйрөнүүгө шарт түздү.

Доц. м.а, др. Канышай Муктарованын жетекчилиги астында өткөн бул иш-чарага бөлүмдүн 2, 3 жана 4-курсунун студенттери катышты. Банктын адам ресурстары (HR), маркетинг жана коомчулук менен байланыш (PR) бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон жолугушууда банк тармагындагы заманбап коммуникация жана санариптик доордогу стратегиялык мамилелер талкууланды.

Программанын алкагында банк адистери адам ресурстарын башкаруунун ролу, заманбап маркетинг, жарнама стратегиялары жана PR процесстери боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Өзгөчө санариптешүүнүн брендге болгон ишенимге, медиадагы көрүнүктүүлүккө жана корпоративдик аброюна тийгизген таасири тууралуу маалыматтар студенттер үчүн абдан пайдалуу болду.

Ошондой эле жолугушууда каржы тармагындагы жумуш берүүчүлөрдүн заманбап талаптары, креативдүү коммуникация стратегиялары жана кесипкөй адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери конкреттүү мисалдар менен түшүндүрүлдү. Студенттер корпоративдик чечимдерди кабыл алуудан баштап, байланышты башкарууга чейинки көптөгөн багыттар боюнча практикалык билим ала алышты.

Студенттер практикалык тажрыйба топтошту

Студенттер банк кызматкерлери тарабынан уюштурулган суроо-жооп жана интеллектуалдык мелдештерге катышып, корпоративдик процесстерди иш жүзүндө көрө алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн студенттерге банктын атайын корпоративдик белектери тапшырылды. Экскурсия учурунда студенттер тармактын адистерине түз суроолорду узатып, бизнес дүйнөсүнүн заманбап талаптарын, жумуш маданиятын жана кесиптик өсүү процесстерин жакындан байкоого мүмкүнчүлүк алышты.