Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультети дүйнөлүк илимий мейкиндикте өз позициясын ишенимдүү чыңдоону улантууда. Ташкентте, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде өткөн «Журналистика, коммуникация жана креативдүү экономика: өнүгүү тенденциялары, билим берүү жана технологиялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда «Манас» университетинин атынан доц. м.а, др. Канышай Муктарова катышты.
Бул абройлуу иш-чара ар кайсы өлкөнүн окумуштууларын, изилдөөчүлөрүн жана медиа эксперттерин бир аянтчага чогултту. Конференцияда жасалма интеллекттин медиага тийгизген таасири, санариптешүү процесстери жана заманбап билим берүүнүн келечеги кызуу талкууланды. Секциялык отурумдарда технологиялык бурулуштардын коомго тийгизген таасири ар тараптуу талданып, баа берилди.
Жасалма интеллект жана чындык кризиси талкууланды
Конференциянын алкагында КТМУнун коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн окутуучусу, доц. м.а, др. Канышай Муктарова«Post-Truth доорунда жасалма интеллект жана дипфейк технологиялар: медиага ишенимдин трансформацияланышы жана медиа сабаттуулуктун мааниси» деген темада баяндама жасады.
Өз сөзүндө К.Муктарова жасалма интеллект жана deepfake технологиялары жөн гана техникалык жаңылык эмес, коомдук кабылдоону, саясий коммуникация процесстерин жана элдин ишенимин түп тамырынан бери өзгөрткөн глобалдык кубулуш экенин баса белгиледи. Ошондой эле чындыктан кийинки доордо медиа институттарына болгон ишеним жаңы нукка бурулганына токтолуп, санариптик заманда медиа сабаттуулук демократиялык коомдун туруктуулугу үчүн стратегиялык зарылдык экенине көңүл бурду.
Санариптик коопсуздук жана маалыматтык гигиена негизги орунга чыкты
Конференциянын алкагындагы талкууларда улуттук баалуулуктарды сактоо, маалыматтык гигиенаны коргоо жана медиа сабаттуулукту арттыруу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле коомдук туруктуулукту чыңдоо жана дезинформацияга каршы күрөшүү сыяктуу темалардын маанилүүлүгү баса белгиленди. Мындан сырткары, академия менен медиа секторунун ортосундагы кызматташтык санариптик доордун көп кырдуу көйгөйлөрүнө каршы натыйжалуу чечимдерди табууга жол ачары белгиленди.
Эл аралык академиялык кызматташтык үчүн жаңы пайдубал түптөлдү
Конференциянын жабылыш бөлүгүндө заманбап технологиялардын маалымат коопсуздугуна жана санариптик эгемендүүлүккө тийгизген таасири талкууланды. Муну менен бирге жаш изилдөөчүлөрдүн илимий аң-сезимин жогорулатууда эл аралык академиялык платформалардын ролу чоң экени белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндөгү пикир алмашуулар жана дисциплиналар аралык байланыш келечекте биргелешкен изилдөө долбоорлорун жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түздү.






