2026-09-25

«Эне тилим — өздүгүм, келечегим, өзөгүм!»: КТМУда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинин журналистика бөлүмү 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Эне тилим — өздүгүм, келечегим, өзөгүм!» деген аталыштагы программа уюштурду. Окутуучулар жана студенттер катышкан иш-чарада кыргыз тилинин маданий мурасты сактоодогу жана аны муундан муунга өткөрүп берүүдөгү ролу студенттер даярдаган ыр, музыка жана сахналык номерлер аркылуу чагылдырылды.

Программа журналистика бөлүмүнүн окутуучусу, доц., др. Гүлзада Станалиеванын координациясы астында А. Сүйүндүков атындагы кинозалда өттү. Алып баруучу катары Бекжан Алмазбек уулу жана Салтанат Туратбек кызы чыгышты. Ачылышында улуттук өздүк жана маданий таандык көз карашынан эне тилдин маанилүүлүгүнө көңүл бурулду. Доц., др. Гүлзада Станалиева эне тилди сактоо, ага аяр мамиле жасоо жана келечек муундарга туура жеткирүү ар бир жарандын милдети экенин белгиледи. Станалиева программаны даярдоого салым кошкон студенттерге жана ага катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

Студенттер кыргыз тилинин маданий байлыгын сахнага алып чыгышты

Программа эне тилдин өнүгүү тарыхына, анын улуттук иденттүүлүк менен байланышына жана тилдик аң-сезимди сактоого арналган видеороликти көрсөтүү менен башталды. Андан соң студенттер кыргыз тилин жана маданиятын искусствонун түрдүү тармактары аркылуу чагылдырган эмгектерин сунушташты.

Элима Мамбетова «Эне тилим» аттуу бий номери менен чыкса, Бүбүсара Назарбекова комузда «Көйрөң күүсүн» аткарып берди. Кыял Кенжебек кызы менен Айзирек Каразакова программаны обондуу ырлары менен коштошту.

Салима Кеңешбекова «Куураган талга куш конбойт», Айдай Молдогазиева «Эне тилин унуткандар», ал эми Индира Жээнбекова «Мекеним сага келдим» чыгармасын аткарды. Асылай Тороева өзү жазган «Эне тил» деген ыры менен бөлүшсө, Айгерим Аттокурова кыргыз тилинин фонетикалык жана айтылыш өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жаңылмачтарды тартуулады.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында көрүүчүлөрдүн катышуусу менен кыргыз тили боюнча кызыктуу суроо-жооп уюштурулду. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алган күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чара студенттерге эне тили менен болгон байланышын өз чыгармачылыгы аркылуу билдирүүгө жана университет жамааты менен маданий дөөлөттөрдү бөлүшүүгө мүмкүндүк берди.