2026-09-25

КТМУнун коммуникация факультетинде «Жусуп» тарыхый көркөм тасмасы көрсөтүлөт


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун алкагында тартылган «Жусуп» тарыхый көркөм тасмасы КТМУнун коммуникация факультетинде көрүүчүлөргө тартууланат. Тасма азыркы эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун (1901–1938) өмүр жолуна арналган. Ал болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин туңгуч төрагасы болуп дайындалып, 1927–1933-жылдары өлкөнүн саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын чечкиндүү коргогон.

Тасманын сценарийин жазган жана режиссеру — Таалайбек Кулмендеев. Белгилей кетсек, фильмдин сценарийин жазгандардын бири коммуникация факультетинин ага окутуучусу, докт. Бакыт Орунбеков. Ал эми иш-чаранын уюштуруучусу жана алып баруучусу — Стамбулбек Мамбеталиев.

Фильмдин көрсөтүүсү Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозалда өтөт. Көрсөтүүгө радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери менен бирге факультеттин калган эки бөлүмүнүн студенттери да катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тасманы көрүү менен бирге, анын жаратуучулары менен жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

Сиздерди тарыхый тасманын маанисине күбө болуп, белгилүү кинематографисттер менен пикир алышып кетүүгө чакырабыз!


Датасы: 2026-жылдын 28-сентябры

Убактысы: 13:30 – 16:00

Өткөрүлүүчү жери: Коммуникация факультети, Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозал