2026-02-25


Алматыда туруктуу өнүгүү жана ESG принциптери боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду


2026-жылдын 20-февралында Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын демилгеси менен Борбордук Азия экологиялык изилдөө институтуна (CAIER) таанышуу сапары уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн доц. м.а., докт. Канышай Муктарова катышты.

Жолугушуу туруктуу өнүгүү жана ESG принциптерин илимий изилдөө жана билим берүү менен айкалыштырган аянтча катары өттү. Экскурсиянын жүрүшүндө институт өкүлдөрү имараттын энергоэффективдүүлүк жана инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу боюнча чечимдерин тааныштырып, лабораториялардын ишмердүүлүгүн көрсөтүштү.

Катышуучулар өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү аркылуу даярдалган инновациялык курулуш материалдары, алардын курулуш тармагында туруктуу өнүгүүгө, экологиялык зыянды азайтууга жана калдыксыз экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы менен таанышышты.

Ошондой эле катышуучуларга заманбап корпоративдик башкарууда стратегия түзүү, тобокелчиликти башкаруу, ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана стейкхолдерлер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү сыяктуу процесстер ESG принциптерине негизделип ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат алышты.