2026-02-18
“6 сааттык GIF анимация мастер-классы” катышуучуларга санариптик контент түзүү тармагында маанилүү көндүмдөрдү берди. Мастер-класстын алкагында студенттер GIF анимациясынын негизги түшүнүктөрүн, түзүү ыкмаларын жана колдонулуучу куралдарын үйрөнүштү.
Программанын биринчи бөлүгүндө GIF анимациясынын мааниси, колдонуу тармактары жана социалдык медиадагы ролу талкууланды. Андан соң анимациянын негизги принциптери, GIF форматынын өзгөчөлүктөрү жана кадр менен убакытты жөнгө салуу маселелери боюнча теориялык маалыматтар берилди.
Практикалык бөлүктө катышуучулар Adobe Photoshop жана GIMP сыяктуу программаларды колдонуп, жөнөкөй жана чыгармачыл GIF анимацияларын түзүштү. Студенттер кадрларды түзүү, убакытты тууралоо жана даяр болгон иштерди экспорттоо процесстерин өздөштүрүштү.
Чыгармачыл тапшырмалардын алкагында катышуучулар өз концепцияларын иштеп чыгып, текст, эффект жана фон элементтери аркылуу өзгөчө анимациялар жасашты. Мастер-класстын жыйынтыгында өткөрүлгөн талкуу бөлүгүндө студенттер өз иштерин сунуштап, пикир алышып, келечектеги долбоорлор үчүн идеялар менен бөлүшүштү.
Иш-чара Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 2-3-курс студенттерине багытталып, катышуучулардын активдүү катышуусу жана чыгармачыл иштери менен өзгөчөлөндү.


