МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү Журналистика жана Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмдөрү менен биргеликте факультеттин атынан көптөгөн илимий долбоорлорду ишке ашырып жана дагы бир катар улуттук жана эл аралык конференциялар, симпозиум жана панелдерди уюштуруп келет. Баса белгилей кетчү нерсе, Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү университетибизди коомдо таанытуу үчүн промо фильмдерди жаратуу менен бирге КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы үчүн ар түрдүү социалдык роликтерди жараткан. Искусство, маданият, спорт сыяктуу багыттарда бир катар илимий даректүү тасмаларды ишке ашыруу менен бөлүмүбүз университеттин жана коомдун өнүгүүсүнө өз салымын жигердүү түрдө кошуп келет.
Факультетибиздеги лабораториялар, студиялар:
• Телевизиондук Студия
• Графикалык лаборатория
• Анимациялык лаборатория
• Монтаждык студия
• Фото-студия
• Үн жаздыруучу студия