2025-03-06
Бөлүмүбүз тарабынан уюштурулган «Фотожурналистикада эркин кабарчы жана фиксир катары иштөө» иш-чарасы 2025-жылдын 6-мартында Коммуникация факультетинин Фотостудиясында өткөрүлдү. Иш-чараны илимий адис Фахри Тархан жүргүзүп, факультетибиздин студенттери катышты.
New York Times, The Guardian, Stern сыяктуу эл аралык таанымал басма маалымат каражаттарында эркин сүрөтчү болуп иштеген Данил Усманов, тармактагы тажрыйбасы жана басма фотограф катары кандай иштегени тууралуу студенттер менен бөлүштү. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жана долбоор идеяларына толук жооп берилди.