2026-02-19
2026-жылдын 18-февралында, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 1-курс студенттери үчүн өзгөчө мазмундуу семинар өткөрүлдү. Семинардын коногу BBC медиакорпорациясында иштеген тажрыйбалуу кабарчы Мээрим Догдурбекова болду.
Семинардын негизги темасы телерепортаж даярдоонун практикалык ыкмалары жана заманбап журналистиканын талаптары болду. Конок спикер студенттерге жаңылык репортажы кантип жараларын башынан аягына чейин этап-этабы менен түшүндүрүп берди. Алгач тема тандоо, окуяны изилдөө, маалымат булактарын текшерүү, интервью алуу жана кадрларды туура пландоо сыяктуу маанилүү процесстерге кеңири токтолду. Конок спикер өзүнүн иш тажрыйбасынан алынган реалдуу мисалдарды келтирип, кээ бир репортаждардын кантип тартылганын баяндап берди.
Семинар жылуу маанайда аяктап, студенттер конокко ыраазычылык билдиришти. Семинардын уюштуруучусу ага окутуучу Наргиза Маматкулова болду.
