2026-04-24
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмү Түркия Республикасынын 23-апрель – Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамында жөн гана майрамдык куттуктоолор менен бирге, коомдук тилектештик ич чарасы кадамы менен белгилешти. Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн кызматкерлери жана 2-3-курстун студенттери майрам күнүн Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тазалык акциясын ишке ашыруу менен өткөрүштү.
Бул иш-чара балдар ооруканасынын гигиеналык абалын колдоо жана коомдук саламаттык сактоо аң-сезимин бекемдөө менен бирге, студенттердин коомдук жоопкерчилигин, экологиялык аң-сезимин жана коомчулук менен болгон байланышын чыңдоо максатында уюштурулду. Келечектин медиа адистери бул маанилүү саамалыктын алкагында майрамдын маңызына шайкеш келген коомдо «жоопкерчиликтүү инсан» болуу көз карашын иш жүзүндө көрсөтө алышты.
Иш-чарага Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн башчысы, доц. док. Гөкче Йогуртчу, ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев, ага окутуучу, док.Марат Эргешов, ага окутуучу Наргиза Маматкулова, илимий кызматкер, док.Жамиля Абдималикова, бөлүмдүн кызматкери Хайрулла Рахматилла уулу, Эрасмус программасы аркылуу университетке келген коногубз Доц.док. Мелтем Жемилоглу жана бөлүмдүн 2-3-курстарынын студенттери катышты.
Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн жалпы жамааты катары бардык балдарды Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамы менен куттуктайбыз, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ишине ийгиликтерди каалайбыз жана бул маанилүү иш-чарага салым кошкондордун баарына терең ыраазычылык билдиребиз.
