2026-05-20
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Айжамал Мирбек Кызы тарткан “Алтын балык” (“The Goldfish”) кыска метраждуу тасмасы бир нече эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болду.
2026-жылдын май айында Түркияда өткөн 3-Эл аралык Туран кинофестивалында “Алтын балык” тасмасы “Эң мыкты Кыргызстандын тасмасы” номинациясында жеңүүчү деп табылды. Фестивалга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жалпы 2105 тасма катышып, жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан мыкты эмгектер тандалып алынган.
Мындан тышкары, тасма 2026-жылдын март айында Нидерландыда өткөн эл аралык студенттик Flicks International Student Short Film Festival фестивалында “Audience Award” — көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү сыйлыгына татыды.
Бул ийгиликтер студенттерибиздин чыгармачылык изденүүсүнүн жана кыргыз студенттик киносунун эл аралык деңгээлде таанылып жаткандыгынын дагы бир далили болуп саналат.
Айжамал Мирбек Кызын жана тасманын чыгармачыл тобун алган сыйлыктары менен куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!