2026-05-14


"Ийгиликтен илхам ал– 2026"


2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин экономика бөлүмү тарабынан, экономика бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн студенттер менен жолугуштуруу, алардын реалдуу ийгилик тарыхтары аркылуу жаштарга мотивация берүү жана кесиптик багыт көрсөтүү максатында уюштурулган “Ийгиликтен илхам ал– 2026” аттуу иш-чара ийгиликтүү өттү. Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөн бул семинар студенттер, окутуучулар жана тажрыйбалуу адис катары конок болуп келген бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн маанилүү аянтча болуп берди.

Иш-чарага бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүлөрү:

Катышуучулар белгилешкендей, ар бир чоң ийгиликтин артында талыкпас эмгек, туруктуулук жана өзүн-өзү өнүктүрүү турат. Айрыкча, англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүү; угуп түшүнүү, эркин баарлашуу жана адамдар менен тил табышуу сыяктуу көндүмдөр бүгүнкү күндө техникалык билимдерден да маанилүүрөөк экени баса белгиленди.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, суроо-жооп бөлүгү катышуучуларга өз ойлорун эркин билдирүүгө шарт түздү. Иш-чаранын соңунда активдүү катышып, кызыктуу суроолорду берген студенттерге коноктор тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Бул сыяктуу жолугушуулар студенттердин келечекке болгон көз карашын кеңейтип, өз максаттарына жетүүгө дем берүүчү маанилүү платформа болуп калат деп ишенебиз.