2026-10-20


Эл аралык коопсуздук жана өнүгүү борборунун изилдөөчүсү Дамир Эсеналиев студенттер үчүн семинар өткөрдү


2026-жылдын 13-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика бөлүмүнүн 3–4-курстарынын студенттери үчүн «Бакубаттуулук жана социалдык биримдик: Кыргызстандагы изилдөөлөрдүн жыйырма жылы» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарды Германиядагы Эл аралык коопсуздук жана өнүгүү борборунун (ISDC) улук илимий кызматкери, PhD Дамир Эсеналиев алып барды.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандагы жакырчылыктын жана теңсиздиктин динамикасы, билим берүүдөгү муундар аралык мобилдүүлүк, бейрасмий жумуштуулук жана жумуш орундарынын сапаты сыяктуу актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер каралды. Ошондой эле «Кыргызстандагы жашоо» (2010–2025) панелдик маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн социалдык биримдик боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

Студенттер семинарга чоң кызыгуу көрсөтүп, изилдөө методдору, панелдик маалыматтар менен иштөө жана илимий карьераны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорду активдүү беришти. Семинар студенттерге эмпирикалык изилдөөлөрдүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү терең түшүнүүдөгү маанисин көрсөтүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө болгон кызыгуусун арттырды. Мындан тышкары, алар өздөрүнүн илимий иштерин жүргүзүү жана изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.