Декандан сөз

Урматтуу зыяратчылар!
Билим бардык доорлордо коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурсу болуп келген жана болуп кала берет. Илимий-технологиялык прогресс тездик менен өнүгүп жаткан шартта жаңы билимдерди жаратуу гана эмес, аларды практикалык жактан натыйжалуу колдонуу да өзгөчө маанилүү. Чыныгы академиялык чөйрө — бул ишеним, кызматташтык жана өнүгүүгө умтулуу атмосферасы менен бириккен окутуучулар, изилдөөчүлөр жана таланттуу студенттер тарабынан түзүлөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика жана башкаруу факультети санариптик трансформация шартында иштей алган, глобалдык тенденцияларды жана туруктуу өнүгүү принциптерин эске алган квалификациялуу адистерди даярдоону максат кылып коёт.

Биздин студенттер экономика, финансы жана кредит, менеджмент жана эл аралык мамилелер тармагында фундаменталдуу билимдерди жана заманбап кесиптик компетенцияларды алышат, аналитикалык ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн жана кесиптик этиканы өздөштүрүшөт. Биз мамлекеттик жана жеке сектордо натыйжалуу иштей алган, коомдун өнүгүшүнө жана жыргалчылыгынын жогорулашына салым кошо алган адистерди тарбиялоого умтулабыз.

Биздин факультет экономикалык саясатты калыптандырууга, башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катыша алган, коомдук жана ишкер чөйрөдө Кыргыз-Түрк «Манас» университетин татыктуу көрсөтө алган адистерди даярдайт. Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрү жыйырмадан ашуун өлкөдө ар түрдүү кесиптик тармактарда ийгиликтүү иштеп жатканын сыймыктануу менен белгилейбиз. Бул факультеттин жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдейт.

Факультет негизделген күндөн тартып эмгек сиңирген, факультеттин ишин өркүндөтүүгө чоң салым кошкон бардык адамдарга, бизде билим алып жаткан жана жаңыдан кошулган студенттерге, жаңы окутуучуларга, ошондой эле биздин жамаатта эмгектенип жаткан урматтуу кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем.

PhD. Профессор

Камалбек Карымшаков