2026-06-25


Доцент, доктор Закир ЧОТАЕВ Ысык-Көлдө өткөн тегерек стол жыйынына катышты


Кафедрабыздын окутуучусу, доцент, доктор Закир ЧОТАЕВ модератор жана баяндамачы катары катышкан тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.

Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн алкагында экстремисттик идеологиялардын таасирине кабылган жарандардын алдын алуу, реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо механизмдерин өнүктүрүүгө арналган жыйын Ысык-Көл облусунда өттү.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйындын катышуучулары экстремисттик көз караштардын таасирине кабылган соттолгондорду теологиялык жана психологиялык жактан реабилитациялоо, ошондой эле аларды бошотулгандан кийин коомго кайра кошуу жана интеграциялоо боюнча комплекстүү системаны түзүүгө багытталган практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышты.