2026-10-02
2026-жылдын 23-сентябрында студенттердин эл аралык мамилелер жаатындагы билимин жана тажрыйбасын өнүктүрүүгө багытталган конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлү Муратбек Азымбакиев баяндамачы катары катышты.
Касым Тыныстанов атындагы конференц-залда өткөн иш-чаранын жүрүшүндө геосаясат, геоэкономика, Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги орду жана көп векторлуу тышкы саясаты тууралуу маселелер талкууланды. Азымбакиев азыркы эл аралык мамилелерде геосаясат менен геоэкономиканы бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эместигин белгилеп, экономикалык долбоорлордун коопсуздук жана тышкы саясат аспектилерине көңүл бурду.
Азымбакиев Кыргызстандын географиялык жайгашуусун туура жүргүзүлгөн саясат аркылуу артыкчылыкка айландырууга болорун белгилеп, көп векторлуу тышкы саясат ар түрдүү өлкөлөр менен тең салмактуу жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерди өнүктүрүүнү талап кыларын баса белгиледи. Ошондой эле билим берүү, адам капиталы жана жаштардын өлкөнүн келечегиндеги ролуна токтолуп, Кыргызстандын өзүнүн шарттарына ылайык өнүгүү моделин түзүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чара студенттердин суроолоруна жооп берилген суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.