2026-02-09
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ
ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИ
МЕНЕДЖМЕНТ БӨЛҮМҮ
2023-2024 ОКУУ ЖЫЛЫ
МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТЫН СУРООЛОРУ
|
БАШКАРУУ ЖАНА УЮШТУРУУ / ИШКЕРДҮҮЛҮК |
|
1- Ишкердиктин маанисин түшүндүрүп бергиле: ишкер үчүн, экономика үчүн, коом үчүн |
|
2- Ишкердүүлүк түшүнүгү. Ишкер жана анын аткарган милдеттери жана функциялары |
|
3- Адам ресурстарын башкаруу (АРБ) түшүнүгү жана АРБ функциялары |
|
4- Ишканаларда адам ресурстарын пландоонун мааниси эмнеде? Кандайча жасалат? |
|
5- Адам ресурстарын башкарууда окутуунун маанисин талкуулаңыз. |
|
6- Уюм ичинде конфликт жана келип чыгуу булактары |
|
7- Эмгек менен канааттануу жана ага таасирин тийгизген факторлор |
|
8- Уюмдук коммуникация түшүнүгү жана ага тоскоолдук жараткан факторлор |
|
9- Башкаруунун (менеджменттин) функциялары |
|
10- Лидерлик теорияларын бир бири менен салыштырып, кыскача түшүндүрүп бериңиз. |
|
11- Стратегиялык менеджмент деген эмне жана стратегиялык башкаруу процессин түшүндүрүп бериңиз. |
|
12- Ишканаларa Бизнесте SWOT анализ деген эмне, мисал менен түшүндүрүңүз |
|
13- Ишканалардын атаандашуу стратегиялары катары Чыгымдарда лидердик, Дифференциация жана фокус алуу стратегиялары |
|
14- Майкл Портердин Баалуулук жаратуу чынжырчасы модели эмне деген, сүрөт менен түшүндүрүңүз. |
|
15- Классикалык башкаруу теориясы менен нео-классикалык башкаруу теориясынын уюм жана адам факторуна карата көз-карашын салыштырыңыз. |
|
ӨНДҮРҮШТҮ БАШКАРУУ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ |
|
16- Өндүрүш ишканалары менен кызмат көрсөтүүчү ишканалардын продукцияларын салыштырыӊыз. |
|
17- Зыянсыздык чекити деген эмне жана кайсыл чечимдерди кабыл алууда колдонулат? |
|
18- Ишкананын жайгашуу формасына таасирин тийгизген факторлор кайсылар? |
|
19- Запастар кантип өлчөнөт? Кыскача айтып бериӊиз. |
|
20-Салтуу запастар системасындагы запастарды контролдоо концепциясы менен MRP (Material Requirements Planning) жана JIT тиби системаларындагы запастарды контролдоо концепциялары ортосунда кандай айырмачылыктар бар? |
|
21- Ɵндүрүштү пландоо жана контролдоонун негизги функциялары кайсылар? |
|
22- Өндүрүштүк кубаттуулук деген эмне? Кубаттуулуктун түрлөрү |
|
23- Мүмкүн болгон жана оптималдуу чыгарылыш түшүнүктөрүн түшүндүрүп бериңиз |
|
24- Сызыктуу программалоо деген эмне? Негизги өзгөчөлүктөрү кайсылар? Сызыктуу программалоо кайсыл маселелерди чыгарууда колдонулат? |
|
25- «Баштапкы» жана «дуал» (түгөйлөш) модель деген эмне, түшүндүрүп бериӊиз. |
|
26- Чакан топко негизделип жасалган изилдөөлөрдө канча түр ката жасоо ыктымалдуулугу бар? Кыскача түшүндүрүп бериӊиз. |
|
27- Борбордук тенденцияларды өлчөө ыкмалары кайсылар? |
|
28- Чечим кабыл алууда кандай кадамдар бар? Кыскача түшүндүрүп бериңиз. |
|
29- Үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз өндүрүш системаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштыруу жолу менен түшүндүрүп бериңиз |
|
30- Жабдуу чынжырын башкаруу боюнча маалымат бериңиз. |
|
МАРКЕТИНГ |
|
31- Маркетинг деген эмне? Ишканалар үчүн эмнеге маанилүү? Түшүндүрүп бериңиз. |
|
32- Маркетингде ‘4Р’ моделин түшүндүрүп бериңиз |
|
33- Маркетингди башкаруунун негизги функцияларын кыскача түшүндүрүп бериңиз |
|
34- Керектөөчүлөрдүн жүрүм – турумун «Кара куту» модели аркылуу түшүндүрүп бериңиз |
|
35- Рынок сегменти деген эмне? Рынокту сегменттөөнүн кандай критерийлери бар? |
|
36- Товардын жашоо циклы канча этаптан турат жана ар бир этапта кандай маркетингдик иш-чаралар колдонулат? |
|
37- Продукциянын жашоо циклын узартууга болобу? Кандай иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл? |
|
38- Продукциянын үч деңгээли, тактап айтканда маңызы, негизги продукт жана кеңейтилген продукт түшүнүктөрүн чечмелеп бериңиз |
|
39- Маркетингде баа саясатына таасир тийгизген факторлор кайсылар? Баанын минималдуу жана максималдуу деңгээлин аныктаган факторлорду түшүндүрүп бериңиз |
|
40- Маркетинг коммуникация системасынын негизги элементтери кайсылар? Маркетингде ишкананын өзүнө оң имидж түзүү максаты негизинен кайсы элемент аркылуу ишке ашырылат? |
|
41- Реклама жана коом менен байланыш түшүнүктөрүн чечмелеп бериңиз |
|
42- Керектөөчү, кардар түшүнүктөрүн түшүндүрүп бериңиз. Акыркы керектөөчү менен уюмдук керектөөчүнүн жүрүм – туруму эмнеси менен айырмаланат? |
|
43- Өткөзүү каналдарынын кандай формалары бар? Түздөн түз өткөзүү кайсыл тармактагы ишканалар үчүн ыңгайлуу? |
|
44- Жылдыруу саясатын жүргүзүүдө «тартуу» жана «түртүү» стратегияларын түшүндүрүп бериңиз |
|
45- Ички маркетинг концепциясын чечмелеп бериңиз |
|
БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ |
|
46- Фирманын баалуулугу деген эмне, кандайча максимумга жеткирилет? |
|
47- Рынок, финансылык рынок, акча рыногу, капитал рыногун түшүндүрүп, ортосундагы байланышты айтып бериңиз. |
|
48- Таза иш капиталы, дүң иш капиталы, сезондук иш капиталы деген эмне? |
|
49- Инфляциянын ишкана капиталына кандай таасир тийгизет? |
|
50- Инвестициялык чечимдердин ишканага үчүн маанисин айтып бериңиз. |
|
51- Акчанын убакыт наркы деген эмне? |
|
52- Финансылык анализде колдонулган өзгөрмө чоңдуктар кайсылар? Кыскача түшүндүрүп бериңиз. |
|
53- Бухгалтердик эсеп системасынын ичинде өндүрүштүк эсептин ордун түшүндүрүп, өндүрүштүк эсеп менен финансылык эсеп ортосундагы айырмачылыктарды айтып бериңиз. |
|
54- Финансылык отчёттордон бухгалтердик баланска аныктама бериңиз. Бухгалтердик баланс кайсы бөлүктөрдөн турат жана алардын структуралык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп бериңиз. |
|
55- Пайда жана зыян боюнча отчет деген эмне? Негизги бөлүмдөрүн түшүндүрүп бериңиз. Пайда жана зыян боюнча отчетту анализдөөнүн маңызы жана маанисин түшүндүрүп бериңиз? |
|
56- Ишкананын чарбалык операцияларын каттоо убагында колдонулган “эсеп” түшүнүгү эмнени билдирет? Бухгалтердик эсептеги эсептердин классификациясын эске алып, алардын иштөөсүн айтып бериңиз. |
|
57- Бухгалтердик маалыматтын колдонуучулары кимдер, алар бул маалыматты кандай колдонушат? |
|
58- Негизги каражаттар үчүн колдонулган амортизация методдору кайсылар? Алардын ичинен “Азайтылган калдыктар” методун бир мисал келтирип түшүндүрүп бериңиз. |
|
59- Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн принциптерин айтып, алардын ичинен “кишилик” принцибин мисал келтирип, түшүндүрүп бериңиз. |
|
60- Дебитордук карыздардын айлануу коэффициенти жана товардык-материалдык запастардын айлануу коэффициенти кандайча эсептелинет жана эмнени түшүндүрөт? |