Кыскача

Факультет инженердик багыттар боюнча эмгек рыногунун учурдагы талаптарына жооп берген жогорку билимдүү адистерди даярдайт. Факультеттин заманбап лабораториялык базасында жаңы билим жана технологияларды өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрү келечекте коомдун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошо алышат.

Инженердик факультет университетибиздин алгачкы факультеттеринин бири болуп саналат.

Факультеттин миссиясы - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономика жана социалдык жактан өнүгүүсүнө өз салымын кошууга, заманбап маалымат технологияларын колдонууга, дүйнө жүзүндө болуп турган илимий өсүп-өнүгүүлөргө салымын кошууга, өндүрүштө жаңы технологияларды колдонууга, адамга жагымдуу жашоо чөйрөсүн түзүүдө кызмат кылууга даяр жогорку билимдүү инженерлерди даярдоо болуп саналат.

Факультеттин негизги максаты - Борбордук Азия муундарынын улуттук рухий мурасын баалай билүү жөндөмүнө жана эркин ой-пикирге ээ, илим багытында багыт берүү жолунан тайбаган өмүр бою изденүү жолунда билимдин маанисин түшүнгөн, коомчулукка кызмат кылууну максат кылган жаштарды тарбиялоо. Кыргызстан жана Борбордук Азиянын эң алдыңкы факультеттеринин арасында болуу.