ИНЖЕНЕРДИК ФАКУЛЬТЕТ
КОМПЬЮТЕР ИНЖЕНЕРЛИГИ БӨЛҮМҮ

МАКСАТЫ

            Компьютер инженерлиги окуу программасынын максаты - компьютердик жана маалыматтык жаатта мыкты билимге ээ болгон, үзгүлтүксүз өзүн өзү өнүктүргөн, коомдогу жана өндүрүштөгү инженердик көйгөйлөргө натыйжалуу чечимдерди чыгара алган, изилдөөчү, изденүүчү компьютер инженерлерин даярдоо.

Программа жөнүндө маалымат

  1. Программалык инженерия багыты боюнча бакалавр программасы маалымат технологияларынын бардык тармактарында программалык камсыздоо боюнча компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Кабыл алынган студенттер мамлекеттик жана чакан ишканаларда программалоо, программалык камсыздоо боюнча компьютердик технологиялар колдонулган бардык тармактарда иштөө мүмкүнчүлүгүн алышат. Маалымат технологиялары илиминин өнүгүүсүнө салым кошкон адистердин бири болууну каалаган бүтүрүүчүлөр магистр программасында окуусун уланта алышат. Бүтүрүүчүлөрдүн, андан тышкары, башка багыттарда дагы окуусун улантуу мүмкүнчүлүгү бар.
  2. Программаны аткаруу үчүн дарсканалар, семинар залдары жана окуу процессинде керектүү лабораториялар жетиштүү. Лекцияларга жана китептерге, ошондой эле мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга жетүүнү камсыз кылган интернет-инфраструктура, ошондой эле окуу залдары жана борбордук китепкана үзгүлтүксүз кызмат берүүдө.
  3. Учурда бакалавриат программасын окутууда 11 окутуучу эмгектенип жатышат, алардын ичинде 1 штаттык профессор, 4 доцент, 1 техника илиминин кандидаты, 1 PhD, 4 ага окутуучу жана 1 лаборант бар. Профессордук-окутуучулук курамдын бир бөлүгү чет өлкөлөрдө докторлук даражага ээ болушкан. Бардык окутуучулар чет өлкөлөрдөгү изилдөөчүлөр менен биргелешип илимий иштерди жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышууда.
  4. Эң мыкты окуучуларыбыз Эрасмус, Мевлана, Фараби жана Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары аркылуу чет өлкөлөрдөгү башка университеттерге барып, билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган окуучулардын бүтүрүүчү документтеринде чет өлкөдө окуп келгендиги тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Көптөгөн өлкөлөрдүн, айрыкча Түркиянын, университеттеринде акысыз окуу жана биздин университеттин колдоосу менен стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
  5. Программалык инженерия окуу программасы илимий өнүгүүлөргө жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.

 

КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

УНИВЕРСИАЛДУУ

Жалпы илимий; инструменталдык; социалдык инсандык жана жалпы маданий

  • Айлана-чөйрө жөнүндө илимий билимдерди сын көз менен баалоо жана пайдалануу, жашоодогу баалуулуктарга, маданияттка жана активдуу атуулдук позицияны баалоо,   адамдарга карата сый жана толеранттуулукту көрсөтүү;
  • Мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде баарлашып ишкердик байланышты окуу жаатында жүргүзө алат;
  • Иш жаатындагы татаал маселелерди чечүү үчүн маалымат технологияларыды колдонуп жаңы билимди колдоно билет;
  • Профессионалдык ишкердик билимин жана иш-чараларда колдоно алат;
  • Жеке адамдар же топтор кесиптик ишмердүүлүктө коюлган максаттарга жетүүнү камсыздай алат.

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Аналитикалык; долбоордук; өндүрүштүк-технологиялык; уюштуруу-башкаруу; сервистик-эксплуатациалык

  • Программалык долбоордо предметтик тармакты түзүүгө жана программалык натыйжалуулук компоненттери үчүн спецификацияларды иштеп чыгууга жөндөмдүү;
  • Информатиканын жана программалоонун негиздерин программалык продуктуларды иштеп чыгууда, түзүүдө жана сыноодо колдоно алат;
  • Окулган баштапкы коддун, документтин негизги идеясын окуй алат, түшүнөт жана бөлүп көрсөтөтө алат;
  • Объектилерди моделдөөгө жөндөмдүү;
  • Программалык интерфейстерди түзө алат;
  • Операциялык системаларды, тармактык технологияларды, программалык интерфейстерди иштеп чыгуу каражаттарын колдонууга, формалдык спецификация тилдерин жана ыкмаларын, маалымат базасын башкаруу системасын пайдаланууга жөндөмдүү;
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуунун негизги инструменттерин жана ыкмаларын колдонууга жөндөмдүү;
  • Программалык камсыздоонун концепциясын жана атрибуттук сапаттарын түшүнүүгө жөндөмдүү;
  • Цикл моделдерин, башкаруу процессин иштеп чыгуу талаптар ыкмаларын, долбоорлоону, конструкциялоону, тестирлөөнү, эволюция жана коштоп жүрүүнү түшүнүүгө жөндөмдүү;
  • Программалык камсыздоонун эволюция жана коштоп жүрүү негизги концепция жана ыкмаларын, реинженеринг и рефакторинг, техникалык көз караш менен эволюциялык иштин өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жөндөмдүү.

ПРОГРАММА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫ

Sayılar

ПРОГРАММА  КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫ

УНИВЕРСАЛДЫК

КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

КЕСИПТИК

КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Жалпы илимий

Инструмен- талдык

Социалдык инсандык жана жалпы маданий

Аналитикалык

иш

Долбоордук

иш

Өндүрүштүк-

технологиялык

иш

Уюштуруу-

башкаруу

иш

Сервистик-

эксплуатациалык

иш

1

Математика, илим жана техника боюнча билимдерин колдоно алат, ошондой эле курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдерди сын көз менен баалай жана колдоно алат, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт алат жана активдүү жарандык позицияны ээлей алат, адамдарга сый-урмат жана толеранттуулукту көрсөтө алат.

X

 

 

X

 

 

 

 

2

Эксперименттерди иштеп чыгуу жана аткаруу, берилиштерди анализдөө жана интерпретациялоо жөндөмүнө ээ

X

 

 

 

X

X

X

X

3

Экономикалык, айлана-чөйрөнү коргоо, коомдук, саясий, этикалык, ден-соолукту сактоо жана коопсуздукту коргоо, өндүрүүмдүүлүк жана туруктуулук сыяктуу реалдуу чектөөлөрдүн алкагында керектүү муктаждыктарды канааттандыруу үчүн системаны, компонентти же процессти иштеп чыга алат

 

 

X

 

 

 

X

 

4

Ар кандай кесиптик команда менен иштей алат

 

X

 

 

X

 

X

 

5

Инженердик проблемаларды идентификациялоо, формалдаштыруу жана чечүү жөндөмүнө ээ

X

 

 

X

 

 

 

 

6

Профессионалдык жана этикалык жоопкерчиликти түшүнө алат

 

 

X

 

 

X

 

 

7

Кыргыз жана түрк тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө жана жок дегенде бир чет тилинде эффективдүү баарлаша алат.

 

X

X

 

X

 

X

 

8

Глобалдык, экономикалык, экологиялык жана социалдык контексте техникалык чечимдердин таасирин билүү үчүн кенен билимдин зарылдыгын түшүнүү жөндөмүнө ээ

X

 

X

 

 

X

 

 

9

Өмүр бою билим алуунун зарылчылыгын кабыл алуу жана ал процесске  катышуу жөндөмүнө ээ

 

X

 

 

X

 

X

 

10

Заманбап проблемалар тууралуу билимге ээ

 

 

X

 

 

 

X

 

11

Инженердик практикада керек болгон методдорду, ыкмаларды жана заманбап куралдарды колдоно алат

X

 

 

X

 

X

 

X

12

Ар кандай татаалдыктагы програмдык системдерди жасоодо проектирлөө жана иштеп чыгуу принциптерин колдоно алат

X

 

 

 

 

X

 

X

 

Тарыхы

Компьютер инженерлиги бөлүмү Кыргыз-Түрк Манас университетинин алгачкы бөлүмдөрүнүн катарында 1997-жылы Бакаларавр программасы менен ачылган, кийинчерээк 2006-жылы магистратура программасы , 2015-жылы компьютердик илимдер багыты боюнча PhD программасы өз ишин баштаган. Бөлүм программдык жабдууларды долбоорлоо жана иштеп чыгууга жөндөмдүү адисттерди даярдоого багытталган. Ошону менен бирге компьютердик илим багытында илим изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Доц.док.
Рита ИСМАИЛОВА

Бөлүм башчысы

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүнө кош келиңиздер. Компьютердик инженерия бөлүмүнүн башчысы катары, мен студенттерибиздин академиялык жетишкендиктерин, инновацияларды жана ар тараптуу өсүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багыт койгон команданы жетектеп жатканыма сыймыктанам. Пионердик изилдөөлөргө, тармакка ылайыкташтырылган окуу планына жана тажрыйбалуу окуу мүмкүнчүлүктөрүнө берилгендик менен, биз студенттерибизди компьютердик инженериянын өнүгүп жаткан тармагында лидерлик ролдоруна даярдоого умтулабыз. Биз сизди ачылыштар, кызматташуу жана чексиз мүмкүнчүлүктөр саякатында бизге кошулууга чакырабыз. Биз өмүр бою ийгиликке жана трансформацияга түрткү берүүчү күч болгонубузга ишенебиз.