Билим берүү багыты боюнча: 520800-Экология жана жаратылышты пайдалануу (профиль – Экологиялык инженерия), төмөнкүдөй практикалар каралган.

  • Окуу практикасы (4 семестр). Баргандар: ар кандай профилдеги ишканалар жана аймактардын экологиялык проблемаларын чечүүчү ишканалар жана уюмдар (медициналык мекемелер, суу чарбалары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар); экологиялык профилдеги музейлер жана көргөзмөлөр; коруктар, корголуучу аймактар, улуттук парктар. Жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана антропогендик өзгөрүүлөрдү жоюу боюнча коомдук пайдалуу иштерди жүргүзүү.
  • Окуу практикасы (6 семестр). Окуучу белгилүү бир ишкананын, мекеменин, уюмдун өндүрүш шартында: иштин структурасы жана уюштурулушу, техникасы жана технологиясы, методдору, аспаптары жана көзөмөлдөө каражаттары, өндүрүштү башкаруунун уюштуруу экономикасы, продукциянын стандартташы жана сапатын контролдоо, өндүрүштүк иш боюнча отчеттук документтерди түзүү принциптери. Практика 1 ай, жай айларында жүргүзүлөт. Практикалык иштин жыйынтыгы боюнча отчет берилет. Бул практиканы төмөнкү жерлерде өтсө болот: жаратылышты коргоо боюнча республикалык жана региондук органдар;