2025-07-01


Суу сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары


2025-жылдын май айында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Инженердик экология кафедрасында «Суу сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары» аттуу илимий семинар өткөрүлдү. Семинарды экология инженерлиги бөлүмүнүн доценти б.и.д., доцент Нурзат Тотубаева алып барды. Ал өз баяндамасында суу сапатын аныктоонун физика-химиялык, биологиялык жана сенсордук технологияларын камтыган заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар суунун булганышы, мониторинг жүргүзүүнүн ыкмалары, климаттын өзгөрүшү жана антропогендик басым шартындагы суу экосистемасын комплекстүү баалоо маселелерин талкуулашты.

Иш-чара студенттер, окутуучулар арасында чоң кызыгуу жаратты. Катышуучулардын активдүү катышуусу жана суунун сапаты боюнча көтөрүлгөн маселелерге болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз!