IEEE Манас студенттик клубу

Технология менен келечекти түз

Кыргыз-Түрк Манас университетинин алдында түзүлүү этабында турган IEEE Манас студенттик клубу – техникалык билимге кызыккан, чыгармачыл, өзүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнү каалаган бардык студенттерди бириктирүүнү максат кылат.

Клубубуздун негизги максаты – студенттердин техникалык жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, студенттер арасында өз ара байланыш түзүү жана аларды эл аралык долбоорлорго катышууга үндөө.

Кимдер кошула алат?

Клуб негизинен Электротехника жана электроника инженерлиги бөлүмүнүн студенттерине багытталганы менен, Компьютер, Физика, Мекатроника жана Робототехника сыяктуу тармактарга кызыккан бардык студенттерге ачык.

Пландалган иш-чаралар

IEEE Манас студенттик клубунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлүшү пландалууда:

  • Долбоор иштеп чыгуу лагерлери

  • Макала окуу жана талкуулоо күндөрү

  • Техникалык экскурсиялар

  • Студенттик сынактар жана хакатондор

Эл аралык байланыштар

Клуб IEEE Түркия жана IEEE Play Central Asia менен расмий байланыш түзүп, студенттерге глобалдык IEEE тармагында активдүү роль алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоону максат кылууда.

Кеңешчилик

Клубдун ишмердүүлүгү Манас университетинин Электротехника жана электроника инженерлиги бөлүмүнүн окутуучуларынын жетекчилигинде жүргүзүлөт.