2025-04-21
Электр-электроника инженериясы бөлүмүнүн үчүнчү курсунун студенттери 2025-жылдын 3-апрелинде чакан деңгээлде электр энергиясын өндүргөн “ОАО Чакан ГЭС-3” станциясына техникалык экскурсия жасашты.
Экскурсияга проф. д-р Мирбек Турдуев жана доц. д-р Руслан Акпарали жетекчилик кылышты. Сапардын жүрүшүндө студенттерге станциянын техникалык түзүлүшү, турбиналардын иштөө принциптери, өндүрүш кубаттуулугу жана энергияны айландыруу процесси боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Станциянын адистери чакан гидроэлектр станцияларынын аймактык энергия камсыздоодогу орду жана экологияга шайкештиги тууралуу баяндама жасап, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Теориялык жактан алган билимдерин практикада көрүп-билүүгө шарт түзүлгөн бул экскурсия студенттер үчүн пайдалуу болду.
Мындай сапарлар, студенттердин кесиптик билимин жана инженердик тажрыйбасын тереңдетүүдө маанилүү роль ойнойт.