2024-05-30


“Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук” темасында илимий иш-чара өткөрүлдү


2024-жылдын 16-май айында инженердик факультетибизде  “Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук” темасында семинары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын кызматкерлери Оморбеков Рыспай Тойчубекович, Замир уулу Урмат, Шаршеев Данияр Жаныбекович жана “Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай” улуттук коомунун биринчи жардам көрсөтүү кызматы боюнча Менеджери Кимузаев Маджит Исмарович, тренерлери Джетигенова Айткуль Дуйшекеевна, Мусабаев Султан Рашидович катышуусунда, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында, Др. Айбек Бодошов тарабынан уюштурулуп болуп өттү. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чарага инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы Анарсеит Дейдиев катышышып ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.

Чакырылган коноктор тарабынан маанилүү жана кызыктуу маалыматтар берилип, кызуу талкуулар менен суроо-жооп бөлүгү менен уланды. Иш-чара сертификаттарды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.