2022-04-21


“Кыргызстандын тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору” аттуу иш-чара өткөрүлдү


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  «2022-жыл Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» тууралуу жарлыгына ылайык Факультетибиз тарабынан 2022-жылдын 19-апрелинде “Кыргызстандын тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору PhD, профессор Алпаслан Жейлан, Биринчи проректор т.и.д., профессор Асылбек Кулмырзаев жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, Экология жана Техникалык Көзөмөл Министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактарын Сактоо Департаментинин директору Ибраев Эмиль Бекбоевич, “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясынын директору Кумар Мамбеталиев, ошондой эле университеттин ага окутуучулары жана студенттери катышты.

Университетибиздин ректору PhD, профессор Алпаслан Жейлан, өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу өлкө болгондугун жана түрк маданиятында тоолор ата-бабалардын баш калкалаган ыйык жери болуп саналаарын белгилей кетти. Тоолорду коргоо маселеси бүгүнкү күндө туризм жана биологиялык жактан да маанилүү абалга келди. Буга глобалдык жылуулуктун натыйжасында келээрки кылымда мөңгүлөрдүн ээришинен  улам көптөгөн өлкөлөрдүн суу астында кала турганы болжолдонуп жатканы бул маанини ого бетер арттырды деп айта кетти.

Университетибиздин Биринчи проректору т.и.д., профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргызстандын жаратылыш туризми үчүн абдан олуттуу потенциалы бар экенине токтолуп, Кыргызстандын жаратылыш тиричилигин жана экосистемасын коргоо баардык жандыктар үчүн да, Кыргызстандын экономикасы үчүн да маанилүү экенин билдирди.

Факультетибиздин декандын м.а., б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева иш-чара тууралуу маалымат берди.

Эмил Ибраев “Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары”; Кумар Мамбеталиев  «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын экологиялык абалы» деген темада баяндама жасады. Кумар Мамбеталиев экология жана экологиялык көйгөйлөр боюнча ислам дининин көз карашы тууралуу университетибиз менен кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Факультетибиздин декандын м.а., б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева Кызматташтык келишимдеринин алкагында «Ысык-Көлдүн жээк экосистемасынын антропосферага айлануу даражасын анализдөө. Табигый ландшафттардын табигый потенциалын жана экологиялык тобокелдикти баалоо» жана «Жээк экосистемаларын багбанчылык плантацияларына айландыруунун экологиялык коркунучун баалоо» аттуу  биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Жыйындын натыйжасында Университетибиз менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, Экология жана Техникалык Көзөмөл Министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактарын Сактоо Департаменти жана “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы ортосунда «Илимий-техникалык кызматташтык келишимине» кол коюлду.

Келишим өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы уникалдуу экосистемаларды коргоонун негизги илимий жана практикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, студенттердин практикадан өтүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана профессордук-окутуучулук курамга семинарларды жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурууга жол ачат.