2022-04-27


PhD, профессор НАХИТ АКТАШТЫН «ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУН ДАЯРДОО ЭТАПТАРЫ» АТТУУ СЕМИНАРЫ


Химия инженерлиги бөлүмүнүн башчысы PhD, профессор Нахит Акташ тарабынан факультетибиздин жаш окумуштууларына илимий долбоор даярдоо багытында семинар өткөрүлдү. Дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор изилдөө жана өнүктүрүү (Ar-Ge) долбоорлоруна олуттуу колдоо көрсөтүп келе жатканына токтолгон профессор Акташ, мындай шарттардан пайдаланып калуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баса белгиледи. Өзгөчө Дүйнөлүк банк менен Европа биримдиги банктарынын дүйнөлүк деңгээлде жүргүзүлгөн долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткандарын белгилеп, эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) тарабынан колдоого алынган ар түрдүү изилдөө долбоорлоруна токтолду. Бул багытта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин илимий кызматкерлери мындай колдоолордон пайдалануулары зарыл экендигине токтолду.

Ошону менен бирге химия инженерлиги бөлүмүнүн иш-чараларына кыскача токтолуу менен химия инженерлиги бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Европа Биримдигинин Эрасмус+ программасынын алкагында стипендияга чакыруу алышкандыктарын, ошондой эле  Король Абдулазиз университетинде изилдөө жүргүзүүгө чакыруу алышкандыктарын айтты. Түркиянын көптөгөн университеттери менен биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана изилдөө учурунда стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берди. Мындан тышкары өлкөбүздө көптөгөн химия өнөр жайлары тарабынан талап кылынган сапаттарга ээ химия инженерлерди даярдашкандарын айткан профессор Акташ, студенттердин окуусун бүтө электе жумуш сунуштарын алышаарын айтты.