2022-05-16


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНЕ ЭКСКУРСИЯ


Факультетибиздин Тамак-аш инженерлиги жана Химия инженерлиги бөлүмдөрүнүн 4-курсунун студенттерине “Турмуш тиричилик коопсуздугу” сабагына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Бишкек шаарындагы Куткаруучулар кызматына 2022-жылдын 13-майында ага окутуучу, х.и.к. Усубалиева А.М. жетекчилиги астында окуу-практикалык иш-чара өткөрүлдү. Өткөрүлгөн иш-чарада студенттер куткаруучулардын ишмердүүлүгү тууралуу жалпы маалымат алышты жана алдынкы адистери тарабынан кырсыктарга кабылган учурда биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструктаж өткөрүлдү.