2022-05-20


“БИШКЕК ШААРЫНЫН АТМОСФЕРАЛЫК АБАСЫНЫН КИРДӨӨСҮ ЖАНА АЛАРДЫ ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ”


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылды “Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоосуна  карата 2022-жылдын 17-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Экология инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулган “Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын кирдөөсү жана аларды чечүү жолдору”  аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Жыйынга Инженердик факультеттин деканынын милдетин аткаруучусу б.и.к.,  доц.  Нурзат Тотубаева, Экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы т.и.д., проф. Зарлык Маймеков, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжан Эсенжанова, жаратылышты пайдалануу, биологиялык ар түрдүүлүк жана өнөр жай экологиясы боюнча адис,  Экоаудит компаниясынын башкаруучусу Орозалы уулу Жаныбек, “Спарк” электр унаалар компаниясынын менеджери Чынгыз Орозалиев, факультеттин академиялык курамы жана студенттер катышты.

Ачылыш аземинде Инженердик факультеттин декандын м.а., б.и.к.,  доцент Нурзат Тотубаева, Экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы т.и.д., проф. Зарлык Маймеков жана Ректордун кеңешчиси, Экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору PhD  Мехмет Кобья  кафедрага чыгып сүйлөштү.

Жыйында Эсенжанова Гулжан  “Кыргызстанда атмосфералык абанын мониторинги”, Орозалы уулу Жаныбек “Электр унаалары жана туруктуу өнүгүүгө  жол”, т.и.к., Кемелов Кубат  “Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын учурдагы экологиялык абалы жана кирдөөнүн булактары”, Чыңгыз ОРОЗАЛИЕВ “Spark KG мобилдик тиркемелери”  тууралуу доклад жасашты жана ар бир доклад кызыктуу талкууланды. Жыйындын  аягында  электрдин негизинде жүргөн унаа демонстрацияланды.