Тамак-аш инженерлиги бөлүмү 740300-"Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы" багытынын, тамак-аш инженерлиги профили боюнча бакалаврларды, магистрларды жана докторанттарды бюджеттик негизде даярдайт.Окуу программалары Дүйнөлүк алдыңкы университеттердин окуу программаларынын негизинде түзүлгөн жана Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына жооп берет. Бөлүмдө Кыргызстан жана Түркиядан келген жогорку квалификациялуу, илимий-педагогикалык тажрыйбага бай, профессордук–окутуучулук курам иштейт. Бөлүмдө 2 профессор, 2 доцент, 1 доценттин м.а., 2 илимдин кандидаты даражалуу ага окутуучулар жана PhD даражалуу 2 илимий кызматкер иштешет.

Баклаврлар үчүн бөлүмдүн негизги сабактары: Биохимия,  Тамак-аш процесстеринин негиздери, Тамак-аш микробиологиясы, Тамак-аш анализдери, Тамак-аш химиясы, Тамак-аш технологиялары Инженердик экономика, Ттамак-аш ишканаларын долбоорлоо ж.б. мидеттүү сабактар, мындан башка дагы бүтүрүүчүлөр 10 тандалма сабак алуусу керек.

Магистратура программасында  студентер Тамак-аш инженерлиги, технологиясы жана илим багыты боюнча алдынкы жана заманбап маалыматтарды камтыган милдеттүү жана тандалуучу сабактарды өтүшөт.

Докторантура (PhD) программасында, докторанттар тамак-аш илиминин акыркы жетишкендиктери боюнча тандалма  сабактарды өтүшөт жана илимий багыты боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, диссертация жазып, жакташат.

Университет толугу менен мамлекеттин бюджети менен окутуучу Кыргызстандагы жалгыз университет, сабактарынан жетишкен студенттер (жакшы окугандар жогору-латылган) стипендия алышат. Студенттер муктаждыгына жараша жатакана менен камсыз болушкан. Сабактан тышкары убакта спорттук кызыкчылыктарын, талантын өркүндөтүү максатында ар кандай спорттук секцияларда, чыгармачылык кружокторго катышышат.

Жыл сайын, даярдоо курсунда окуган бөлүмдүн студенттерин, бөлүм менен жакындан тааныштыруу максатында бөлүм окутуучулары тарабынан тааныштыруу сабактары өткөрүлөт жана студенттер менен окутуучулар жамаатынын байланышын бекемдөө, жакындан таанышуу, окуудагы жана жеке турмушундагы маселелерин чечүүгө жардамдашуу, пикир алышуу максатында чай ичүүлөр уюштурулат.

Бүтүрүүчү студенттерибиз үчүн жыл сайын апрель айынын аягында, тамак-аш өнөр жай ишкерлери менен жолугуштуруучу карьера күндөрү жана тегерек стол уюштурулат.  Ар бир окуу жылында, Дүйнөлүк тамак-аш күнүнө карата октябрь айында, студенттер арасында «Акыл таймашы» жарышы болуп турат.

Студенттерибиз практикадан тышкары, мезгил-мезгили менен Бишкекте жана шаарга жакын жайгашкан тамак-аш ишканаларына экскурсияларга барып турушат. Традиция катары, ар бир жылдын май айында үчүнчү курстун студенттери бөлүмүбүз бардык студенттери, окутуучулары жана персоналдары менен бирге шаардын сыртындагы кооз жерлерге пикникке чыгуу уюштурушат.

Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн кураторлорунун тизмеси

  • т. и. к, ага окутуучу Айдайкан Касымакунова  (1-курс)
  • х. и. к, ага окутуучу Айгүл Усубалиева (2-курс)
  • РhD., кенже илимий кызматкер Руслан Адил Акай Тегин  (3-курс)
  • РhD., ага окутуучу Жылдызай Өзбекова (4-курс)

Бөлүмдүн катчысы

Аида ЖАЙЛООБАЕВА

Телефону: 49 27 82-88

Кошумча: 1106

Кабинет: MFFB-MF 414