ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Илим изилдөө лабораториясы - инженердик факультеттин борбордук илимий изилдөө лабораториясы болуп саналат. Бул лабораторияда тамак-аш азыктарындагы белок, май, углевод, витамин, аминкислоталар, минерал жана тамак-аш булаларынын камтылышынын сапаттык жана сандык анализдери үчүн жогорку эффективдүү суюктук хроматографы, газ хроматографы, “Fluоromax 4” флуоросценттик спектрофотометри, сублимациялык кургатуучу жабдыгы, жогорку эффективдүу вискозиметр сыяктуу заманбап  приброрлор менен жабдылган. Бул лабораторияда бакалавр, магистратура жана докторантура программаларынын квалификациялык бүтүрүү иштери менен биргеликте инженердик факультеттеги илими изилдөө иштери дагы жүргүзүлөт. 

           КОЛДОНУЛГАН ЖАБДЫКТАР 

  • MCR 302 Модулдуу компакт реометри (Anton Paar, Австрия)
  • Жогорку эффективдүү суюктук хроматографы 1200 (Agilent Technologies, АКШ)
  • Газ хроматографы 7980A (Agilent Technologies, АКШ)
  • Fluoromax 4 Спектрофлюорометри (Horibo Jobin Yvon, АКШ)
  • Specord       Спектрофотометри        (Analytik        Jena, Германия)

 


ТАМАК-АШ ТЕХНОЛОГИЯ ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Тамак-аш технология лабораториясы инженердик факультеттин процесстердин негиздери сабактарынын теориялык бөлүгүндө алынган билимдерди практика жүзундө демонстрациялоочу лаборатория болуп саналат. Лабораториядагы тажрыйбалар суюктуктар механикасы, жылуулук алмашуу процесстери жана масса алмашуу процесстери болуп 3 багыттагы тажрыйбаларды камтыйт. Тамак-аш технология лабораториясы ARMFİELD жана EDİBON маркасындагы заманбап жабдыктар жана аппараттар менен жабдылган. Тамак-аш технология лабораториясы төмөнкү жабдуулар менен жабдылган: кондуктивдик жана “түтүк ичинде түтүк” түрүндөгү жылуулук алмаштыргычтар, газдарда жана суюктуктарда диффузия коэффициентерин аныктоо үчүн прибор, суюктуктардын касиеттерин изилдөөчү стенд, басымды жана статикалык басымдын таасирин өлчөөчү прибор, пастерлегич, туннелдик кургаткыч, фильтрлөө жана экстракциялоо процессин изилдөөчү стенддер, процесстерди башкаруу жана текшерүү боюнча стенд, каталитикалык реактор, ферментатор. 

    Тамак-аш технология лабораториясынын жабдыктары   

  • Armfield CEN-A Тегирмен
  • Armfield  CERa/CERb Газдарда диффузиякоэффиценттин өлчөө аппараты
  • Armfield CEU-5 Каталитикалык реактор
  • Armfield F 9092 Гидростатикалык стенд
  • Armfield FT 75 Пастеризатор
  • Armfield HT10XC/ HT11C Жылуулук өткөрүмдүүлүк стенди
  • Armfield HT30XC Түтүк түтүк ичинде жылуулук алмашуу аппараты
  • Armfield PCT 40 Процесс контроль ситемасы
  • Armfield UOP-4 Суюк/Катуу экстрактор аппараты
  • Armfield UOP-8 Кургатуучу аппарат
  • Armfield UOP-12 Пластинкалуу фильтр аппараты

ТАМАК-АШ АНАЛИЗИ ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Тамак-аш анализи лабораториясы чийки жана даяр азыктардын көлөмүн, тыгыздыгын, катуулугун, илешкектигин, суу активдүүлүгүн, түсүн жана салыштырма нымдуулугун жана ошондой эле чийки жана тамак-аш азыктарындагы белок, май, углевод, витамин, минерал жана тамак-аш булаларынын камтылышынын сапаттык жана сандык анализдерин жүргузүүчү лаборатория болуп саналат. Бул лабораторияда студенттер кесипкөй практикалык билимдерге ээ болуу менен бардык анализдердин түрлөрүн үйрөнүшөт.  Лабораторияда илимий иштер дагы активдүү жүргүзүлөт. 

Лаборатория жабдуулары 

  • Рефрактометр Reichert ABBE Mark II
  • Колориметр СolorTec PCM
  • Суу активдүүлүк анализатору HygroLab
  • рН метр Ultra Basic UB-10
  • рН метр PH-220 pH/mV/
  • Сокслет экстракциялоо аппараты Gerhardt EV6 All/16
  • Кьельдаль      аппараты      Gerhardt      Turbotherm, Gerhardt Vapodest 20
  • Ным анализатору IR 30 Moisture Analyzer
  • Электрондук тараза Denver Instrument TB-2202
  • Аналитикалык тараза Denver Instrument TB-224
  • Пенетрометр Koehler K95500
  • Вискозиметр Brookfield LVDV-E

ТАМАК-АШ МИКРОБИОЛОГИЯ ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Микробиология лабораториясы тамак-аш азыктарындагы патогендик жана санитардык-индикатордук микроорганизмдерди анализдөө үчүн, андан тышкары ферменттелген азыктарды өндүрүү үчүн керектүү микроорганизмдерди алуучу приборлор менен жабдылган. Микробиология лабораториясы 1-курстан баштап милдеттүү сабак катары программада орун алган. Студенттер чийки жана даяр азыктардагы микробиологиялык көрсөткүчтөрдү аныкташат, микробиологиялык изилдөөлөр боюнча ар кандай илимий долбоорлорду жургүзүшөт.