2022-05-10
29.04.2022 күнү факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери Бодошов А. жетекчилиги астында 3-курс студенттери үчүн GID-328 Тамак-аш өндүрүш жабдыктары сабагынын алкагында "АТА" кондитердик фабрикасына жана ОсОО “Экопродукт Азия” ишканасына экскурция өткөрүлдү. Бөлүмүбүздүн 3-курс студенттери ишкананын өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялардын компоновкасы, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу маалыматтарга ээ болушту.