2022-06-01


“Кыргызстандын сүт өндүрүшү- абалы жана келечеги” аттуу илимий иш-чара өткөрүлду


Факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 27-май күнү - “Кыргызстандын сүт өндүрүшү- абалы жана келечеги” аттуу илимий иш-чара х.и.к., ага окутуучу Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында өткөрүлдү. Иш чарага ОсОО "Кант-Сут" өндүрүшүнүн Генералдык директору Джон Джамбул Алиевич жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тамак-аш азыктарынын технологиясы бөлүмүнүн башчысы т.и.д., профессор Мусульманова Мукарама Мухамедовна жана башка сүт тармагындагы адистер келип катышышты. Сүт тармагындагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, жалпы кызуу талкууларды жаратты. Ошондой эле тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн окуу программасы кызуу талкууга алынып, сунуштар киргизилди.  Жыйынтыгында ОсОО "Кант-Сут" өндүрүшү менен тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан практика өтүү тууралуу келишимге кол коюлду.