2022-10-27


Тамак-аш инженери кесибинин актуалдуулугу


Тамак-аш иненерлиги бөлүмүнүн "GoFood Manas" клубу тарабынан 25.10.2022 күнү бөлүм студенттерине арналган "Тамак-аш инженери кесибинин артыкчылыктары" темасында мотивациялык семинар өткөрүлдү. Семинарга "КЕН МИНЕРАЛС" ишканасынын генералдык директору Чынгыз Сапарбаев (2010-жылкы бүтүрүүчүбүз) жана "Эрасмус Мундус" программасы менен Европада Магистратура программасында билим алган, учурда ФАО нун эксперти катары иш алып барган Рахат Уланбек уулу (2017-жылкы бүтүрүүчүбүз) конок катары келишип катышышты. Семинар абдан чон кызыгуу менен өтондүгү жана бөлүмдүн окутучулук курамы, бардык курстардын студенттеринин катышуусу муну далилдейт.