2022-11-30


Тамак-аш бөлүмүнүн студенттери Тойбосс соода маркасында конокто


30.11.2022 күнү факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери Бодошов А. жетекчилиги астында  4-курс студенттери үчүн GID-435 Эт азыктар технологиясы жана жабдыктары сабагынын алкагында "ТОЙБОСС" ишканасына  экскурция өткөрүлдү. Бөлүмүбүздүн 4-курс студенттери ишкананын өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялардын компоновкасы, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу  маалыматтарга ээ болушту.