2022-12-05


“Бир Айыл Бир Продукт” долбооруна тамак-аш инженерлиги адистеринин ролу” аттуу илимий иш-чара өткөрүлдү


2022-жылдын 2-декабрнда инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан, ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында Кыргызстандагы Япон эл аралык кызматташуу агенттиги «JICA» тарабынын колдоосунда “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун адистеринин катышуусунда ““Бир Айыл Бир Продукт” долбооруна тамак-аш инженерлиги адистеринин ролу” темасында илимий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага келген урматтуу конокторубуз Ёшиичи Хаякава – “Бир Айыл Бир Продукт” долбоордун алкагындагы тамак-аш чийики азыктарын кайра иштетүү багытындагы кыска мөөнөттөгү  JICAнын эксперти, Алибек Мураталиев – “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун ассистенти жана Нурбек Мусалиев – “НУР” кооперативинин башкаруу кенешинин Төрагасы кызыктуу темаларда презентацияларды өткөрүшүп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле, конокторубуз алып келген долбоордун алкагында өндүрүлгөн жергиликтүү мөмө ширелерин дегустациялоо өткөрүлдү. Инженердик факультеттин деканы б.и.к., доц. Нурзат Тотубаева иш-чаранын конокторуна сертификаттарын жана символикалык белектерди тапшыруу менен конкторго терен ыраазычылык билдирди.