2022-12-21


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүе студенттери "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ишканасында


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 4-курс студенттери 20.12.2022 күнү ЖАО "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ишканасына экскурцияга барышып, ишкананын өндүрүштүк жана маркетинг бөлүмдөрү менен жакындан таанышты. Бөлүмүбүздүн 4-курс студенттери ишкананын генералдык планы, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялардын компоновкасы, жардамчы имараттар менен ишканадагы транспорт агымдарынын иш алып баруусу ж.б.у.с. билимдерге ээ болуш үчүн экскурцияга катышышып келишти.