2023-03-14


Тамак-аш бөлүмү «JICA» агентигинин Каракол шаарындагы өндүрүштүк-окуу борборунда


2023-жылдын 3-март айында инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери жана профессордук окутуучулар курамы Кыргызстандагы Эл аралык кызматашуу Япон агенствосу «JICA» тарабынын колдоосунда иштеп жаткан “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун алкагында Каракол шаарында курулган өндүрүштүк-окуу борборуна ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында өндүрүштүк-таанышуу семинары өткөрүлдү. Семинарда “Бир Айыл Бир Продукт” долбоорунун Бишкектеги офисинин жетекчиси Сайкал Суюнбекова тарабынан долбоор тууралуу кенен маалыматтар берилип, өндүрүштө экскурсия долбоордун адистери тарабынан өткөрүлдү. Жыйынтыгында студенттерге практика өтүү тууралуу жана биргелешкен тамак-аш тармагында долбоорлордун үстүндө иштөө мүмкүнчүлүктөрү жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка алуу тууралуу маселелер каралды.