2023-04-17


"Магистратурада окуу мүмкүнчүлүктөрү" аттуу семинар


2023-жылдын 19-апрель айында саат 13.30 да инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери үчүн “Магистратурада окуу мүмкүнчүлүктөрү” темасында семинар тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиева тарабынан өткөрүлөт. Семинар бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө магистратурага окуу үчүн маалыматтар менен таанышуу максатында өткөрүлөт. Дареги, КТУ “Манас”, инженердик факультет, тамак-аш инженерлиги бөлүмү, 303 ауд.