2023-04-19


“Магистратурада окуу мүмкүнчүлүктөрү” темасында семинар откөрүлдү


2023-жылдын 19-апрель айында саат 13.30 да инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери үчүн “Магистратурада окуу мүмкүнчүлүктөрү” темасында семинар тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиева тарабынан өткөрүлдү. Семинар бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө магистратурада окуусун улантуу үчүн маалыматтар менен тааныштыруу менен бирге бүтүрүүчүлөрдү илимий иштер менен алектенүүгө, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мотивациондук семинар өткөрүлдү.