2023-05-16


Өзгөчө кырдаалдардагы Азык-түлүк жана Тамак-аш коопсуздугу аттуу пикир алмашуу панели


2023-жылдын 11-май күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Ч.Айтматов кампусунун ректорлук конференция залында Инженердик факультеттин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн тарабынан "Өзгөчө кырдаалдардагы Азык-түлүк жана Тамак-аш коопсуздугу" аттуу пикир алмашуу панели болуп өттү. Чогулушка университетибиздин ректору Проф. док. Алпаслан Жейлан, биринчи проректор э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, факультет жана жогорку мектеп декандары жана мүдүрлөрү, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин "Азык-түлүк коопсуздугу" бөлүмүнүн башчысы Жанузаков Данияр Жумабекович, Экономика министрлигине караштуу Стандарташтыруу жана метрология борборунун Бишкектеги сыноо, метрология жана тастыктоо борборунун сыноо базаларын башкаруу белүмүнүн мүдүрү, т.и.к. Аксупова Айгуль Мырзабековна, Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Пикир алмашуу панелинде Азык-түлүк жана Тамак-аш коопсуздугу тууралуу докладдар жасалып, кызыктуу пикир алмашуу, суроо-жооп форматында өттү. 



Dosya 1