2023-10-23


«Тамак-аш күнүнө” карата “Акыл таймаш” оюну өткөрүлдү


Салттуу болуп келген «Тамак-аш күнүнө” карата “Акыл таймаш” оюну 2023-2024 окуу жылында 16-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк Манас университетибизде шандуу майнай менен белгиленди. Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш күнү (БУУнун башка расмий тилдеринде: англисче World Food Day, французча la Journée mondiale de l'alimentation) - жыл сайын 16-октябрда белгиленүүчү БУУнун эл аралык күнү. Эскерүү датасы 1979-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) конференциясында жарыяланган. Эскерүүнүн максаты - дүйнөлүк азык-түлүк көйгөйү боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана ачарчылык, жетишсиз тамактануу жана жакырчылык менен күрөшүүдө тилектештикти бекемдөө. Бул күн ФАОнун 1945-жылы негизделген күнүн белгилейт. 1980-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы атайын резолюциясында (No A/RES/35/70) жыл сайын Тамак-аш күнүн белгилөөнү чечкен.