2023-12-21


Акниет балдар үйүнө болгон зыярат


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы менен 4-курсунун студенттери 05.12.2023 күнү  Бишкек шаарындагы Курчатов көчөсүндө жайгашкан "Акниет" турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна барып, тарбияланып жаткан балдарга Жаңы Жылдык майрамдык маанай ирээтинде концерт, оюн зоок камтыган программа тартуулашты. Андан сырткары гигиеналык каражаттар, тазалоочу каражаттар, канцелярдык товарлар жана жылуу байпактар тапшырылып, балдарга ар түрдүү кондитердик таттуулардан турган дасторкон даярдалды.