2024-01-19


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине болгон экскурция


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн gofood.manas клубу, 4-курс жана 3-курс студенттери  Бодошов Айбек агайдын жетекчилигинде 18.01.2024 күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине экскурцияга барышты. Экскурцияда студенттер Жыйындар залындагы отурумга, Жогорку Кенештин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Мындан сырткары студенттер Жогорку Кенештин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна менен жолугуп, суроо жооп иретинде талкуу кылышты. Жыйындар залында студенттер депутат Кокулов Эрулан Калчороевич менен дагы жолугушуп, өздөрүнүн суроолорун берүүгө жетишишти.