2024-03-01


Гигиена жана санитария тууралуу лекция


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн профессордук–окутуучулук жааматы жана студенттери тарабынан 21.02.2024 күнү Бишкек шаарынын Мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин "Акниет" турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунун жогорку класста окуп жаткан окуучуларына кесиптти тандоо, коомдук гигиена жана санитария боюнча лекция өткөрүлдү. Бул иш-чарага 17 окуучу жана 2 тарбиячы мугалимдери менен чогуу түшкү тамактануунун аркасынан университебиз жөнүндө маалымат берилип, кээ бир факультет имараттарына экскурция жасалды. Андан соң, окуучулар жана мугалимдери тамак-аш инженерия бөлүмүнүн лабораториялары менен жакындан танышышты.